Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12 – сентябры № 6
Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын 1,2,3-топ боюнча объектилердин мүлк салыгы жана Кз зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы «Кыргыз Республикасынын салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Жаңы-Талап айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл аймагынын админстративдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- Айыл чарбасына багытталган жерлердин жер салыгы, короо жай алдындагы багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин жер салыгы;
- 1,2,3-топ боюнча мүлк объектилеринин мүлк салыгы;
- Кз зоналык кэоффиценттин мааниси 1,0 өлчөмдө бекитилсин.
2. Жер салыгынын 1,2,3-топ боюнча объектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жберилсин.
4. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа району боюнча башкармалыгына (Б.А. Мусабековго) тапшырылсын.
Жаңы-Талап айылдык кеӊешинин төрагасы |
Д. Казаков |