Загрузка документа…
ТОГОЛОК-МОЛОДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18 – сентябры № 5/18
Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча объектилердин мүлк салыгы жана Кз зоналдык кэоффицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы «Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексин» ишке киргизүү жөнүндөгү № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жегиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык Кенеши»
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарабсы багытталган жерлердин жер салыгы, короо жай алдындагы багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин жер салыгы;
- 1,2,3-топ боюнча мүлк объектилеринин мүлк салыгы.
2. Кз зоналдык коэффиценттин мааниси 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жер салыгын 1,2,3-топ боюнча мүлк объектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2014-жыдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын салык инспектору М. Таялиевге милдеттендирилсин.
Тоголок-Молдо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурдөөлөтов |