Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19 – ноябры № 7/3
Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын
административдик аймагында жер салыгын мүлк
салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча обьектилердин
мүлк салыгы жана Кз зоналдык коэффицентин бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин» ишке киргизүү жөнүндөгү № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарбасы багытталган жерлердин жер салыгы, короо жай алдындагы багбанчылык жер участтокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин жер салыгы.
- 1,2,3-топ боюнча мүлк обьектилеринин мүлк салыгы
2. Кз зоналдык коэффиценттин мааниси 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жер салыгынын, 1,2,3-топ боюнча мүлк обьектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2014-жылдын 1-январынын баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа району боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊештин төрагасы |
Ж. Тасмаев |