Редакцияот 23.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезектеги VIII – сессиясы

 

2013-жылдын 23 – октябры № 8/1

Кара-Бүргөн айылындагы Кз-зоналдык коэффиценттин аныктоо жөнүндө

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча объектилердин мүлк салыгы жана Кз-зоналдык коэффицентти бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:

- айыл чарбасы багытталган жерлердин жер салыгы, короо-жай алдындагы багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин салыгы;

- 1,2,3-топ боюнча мүлк объектилеринин мүлк салыгы.

2. Кз-зоналык коэффицентинин мааниси 1,0 өлчөмдө бекитилсин.

3. Жер салыгынын 1,2,3-топ боюнча объектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.

4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа району боюнча башкармалыгынан (Б.А. Мусабековдон) суралсын.

 

Айылдык кеӊешитин

төрагасы

 

М. Усонов.