Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
| Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин VIII сессиясынын |
2013-жылдын 19-сентябры №8/3
Ак-Талаа районунун Терек айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча обьектилердин мүлк салыгы жана Кз зоналык коэффицентти бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 17.10.2013 жылдагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү» жөнүндөгү №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Терек айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Терек айылдык Кеӊешинин депуттарынын кезексиз сессиясы
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Ак-Талаа районунун Терек айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин.
- Айыл чарбасына багытталган жерлердин жер салыгы, короо жай багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин жер салыгы.
- 1,2,3 – топ боюнча мүлк обьектилеринин мүлк салыгы.
2.Кз-зоналык коэффицентинин мааниси 1,0 өлчөмдө бекитилсин.
3.Жер салыгынын 1,2,3- топ боюнча обьектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башккармалыгына жиберилсин.
5.Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа району боюнча башкармалыгына (Б.А.Мусабековга) тапшырылсын.
Терек айылдык Кенешинин торайымы | Ж. Ажиева |