Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
6-сентябры 2013-жылы № 8/1
Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын,мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча обьектилердин мүлк салыгы жана Кз- зоналык коэффицентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү” № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинде” көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Ак-Тал айылдык Кенеши токтом кылат :
2014-жылдын 1-январынан баштап Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин.
айыл чарбасы багытталган жерлердин жер салыгы, короо жай алдындагы багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин салыгы.
1,2,3- топ боюнча мүлк обьектилеринин мүлк салыгы.
Кз-зоналык коэффицентинин мааниси 1,0 өлчөмдө бекитилсин.
Жер салыгынын 1,2,3- топ боюнча обьектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.
Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа району боюнча башкармалыгына (Б.А.Мусабековго) тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | М.Алыбаев |