Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 5-августу № 7/3
| Ак-Чий айылы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагынын Административдик аймагында жер салыгын, Мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча Объектилердин мүлк салыгы жана Кз зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексин» ишке киргизүү жөнүндөгү № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-болугунун негизинде Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше болугун толтуруу максатында Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 1-яеварынан баштап Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин.
- айыл чарбасына багытталган жерлердин жер салыгы, короо жай алтындагы багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин жер алыгы.
-1,2,3- топ боюнча мүлк объектилеринин мүлк салыгы.
2.Кз зоналык коэффицентинин мааниси 1,0 өлчөмдө бекитилсин.
3.Жер салыгынын 1,2,3-топ боюнча объектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом катоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа району боюнча башкармалыгына (Б.Мусабековго) тапшырылсын.
Ак-Чий айыл аймагынын Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Ормонов |