Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-августу № 115
Айрым шайлоо участкаларынын жайгашкан жерлерин жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын жайгашкан жерлерин жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрым шайлоо участкаларынын жайгашкан жерлери өзгөрүлгөндүгүн эске алуу менен 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айрым шайлоо участкаларынын чек аралары өзгөрүлгөндүгүн эске алуу менен 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|