Редакцияот 24.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

2014-жылы 24-январы № 14/1

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп бирок колдонулбай калган акча каржатты жөнүндө.

Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинен V-чакырылышынын XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Муз айыл өкмөтүнүн 2013-жылдан ашкан 1917990 сом акча каражаты 2014-жылга төмөндөгүдөй бөлүнсүн:

   1.ВУЗга 15 миң сом

   2.Командировкага 12 миң сом

   3.Кайырма арыка сооружение салууга 35 миң сом

   4.Айыл ичиндеги жолдорду оңдоого 220330 сом

   5.Конторанын ремонтуна 140 миң сом

   6.Тарыхый маданий эстеликтерди ремонттого 50 миң сом

   7.Жаңы салынуучу бала бакчынын өздүк салымына 1037500 сом

   8.Маданият үйүнүнө музыкалык аспап алуу үчүн 100 миң сом

   9.Айылдык Кеңештин кабинетине инвентар алууга 100 миң сом

   10.Айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдарына 208160 сом

2.Бөлүнгөн акча каражатын атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын:

3.Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

 

Төрага:

Ж.Дөөткулов