Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 26-февралы № 5
Сессияда: Миңкуш тиричилик жактан тейлөө Мамлекеттик ишканасын Миңкуш айылдык муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча маселесин карап чыгып, төмөндөгүлөрдү маалымдайт:
Кыргыз Өкмөтүнүн 06.09.2011-жылдагы № 392-Р буйрутмасы боюнча Миңкуш тиричилик жактан тейлөө ишканасын жергиликтүү муниципалдык менчикке өткөрүү маселеси каралган.
Миңкуш айылдык Кеңеши сессияда көтөрүлгөн меселени карап чыгып, төмөндөгү шартта гана өткөрүү чечимине макул боло тургандыгын билдирет:
- Республикалык бюджеттен элди ичүүчү таза суу менен камсыздоого жана ыплас сууларды агызып чыгарууга багыттуу бекитилген 9 млн. 458 миң сом субсидиясы жергиликтүү бюджетке бөлүнүп, бекитилип берилсе:
- Акыркы 6-7 жылдан бери Нарын областындагы Жумгал районундагы Миңкуш шаарчасынын жашоочулары тарабынан элдин жашоо шартын көтөрүүгө байланышкан курч маселелер которулуп келген.
Элди ичүүчү таза суу менен тейлөөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчилигине бир нече жолу протоколдук тапшырма берилип келгендигине карабастан, ушул кезге чейин аткарууга эч бир чечим кабыл алынган эмес.
Көтөрүлгөн элдин маселесин карап, жеринен таанышып көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 5-сентябрь 2012 –жылы № 444 –Р буйрутмасынын негизинде ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлүп, жыйынтыгында элди таза суу менен камсыздоого системасын капиталдык ремонттон өткөрүү кечиктирилгис маселе экендигин белгиленип, чыгарылган расчеттун негизинде Республикалык бюджеттен жер казуучу техникасы менен бирдикте капиталдык ремонтко 16 млн. 517 миң сом болуп берү каралган.
Жогорудагылардын негизинде Миңкуш айылдык Кеңешинин депутаттары каралган суммаларды 16 млн. 517 миң сом өлчөмүндө Миңкуш айылдык жергиликтүү бюджетине болүнүүгө тийиш деген чечим кабыл алуу менен
- 2013-жылга Миңкуш тиричилик жактан тейлөө ишканасынын сметасы 9 млн. 458 миң сом гана каралып, жалпы сумма 25 млн. 975 миң сом жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу Мыйзамы боюнча мекеме жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууга тийиш экендигин эске алып, ошондой эле Миңкуш айылдык жергиликтүү бюджети толук дотация болгондугуна жана 2013-жылга каралган бюджетти бекитип калгандыгына байланыштуу Миңкуш айыл аймагынын Жергиликтүү Кеңешин сессиясы төмөндөгүдөй
- учурда Миңкуш тиричилик жактан тейлөө ишканасын муниципалдык менчикке өткөрүү максаттуу эмес экендигин билдирет.
Жергиликтүү Кеңештин төрайымы: |
Ж.Шералиева |