Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Миң-куш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин
депуттарынын XXVI чакырылышынын 8-сессиясы
2013-жылы 10-июлу № 14
Баардыгы -11
Катышканы -8
Миңкуш айыл аймагынын жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аяттарын бекитүү жөнүндө.
Сессияда «Жер жана козголбос мүлк» жоопкерчилиги чектелген коомунун адиси Т. Токтомамбетов сунуштаган Миңкуш айыл аймагынын аянты 532 га болгон жайыттарынын картасы талкууга алынып, Жергиликтүү Кеңеш төмөндөгүдөй
Миңкуш айыл округунун аймагына жакын жайгашкан:
- Сары-Булак, Ноот, Кош-Булак, Муздун башы, Орто Сары-Булак жайыттары Кабак айыл округуна тура эмес бекилип калган.
- Кең-Төр жайлоосу Көк-Ой айыл округуна туура эмес бекилген.
- Биринчи суу менен Экинчи суу жайлоосунун кырлары Кызыл-Жылдыз айыл округуна тура эмес бекилип калган.
- Донуз, Зындан жайлоолору Чаек айыл округуна тура эмес бекилип калган.
- Ат Ойнок жайлоосу Жумгал токой чарбасынын карамагында бекилген
Ошондуктан Миңкуш айыл аймагындагы 532 га жайытынын чектерин бекитүүгө макул эместигин билдирет.
Жергиликтүү Кеңештин төрайымы: |
Ж.Шералиева |