Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 83
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, шайлоонун маалыматтуулугун жана айкындуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2012-жылдын 10-октябрындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу;
- 2011-жылдын 19-июлундагы № 36 “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун курамы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
4. Ушул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Ж.Б. Бапановага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|