Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 165
Ош шаарында футбол
Академиясын куруу үчүн
жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 33/08-6-Бүткүл Дүйнөлүк Футбол Федерациясы «Гол-4» долбоорунун алкагында Ош шаарында футбол академиясын курууга инвестиция бөлүп жаткандыгына байланыштуу, Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров жана Сайкөчө көчөлөрүнүн кесилишиндеги (жаңы көпүрөнүн жанындагы мурдагы ботаникалык бак жайгашкан жер тилкеси) 5,0 га жер тилкесин футбол академиясын куруу үчүн бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 13-мартындагы отурумунун №6-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров жана Сайкөчө көчөлөрүнүн кесилишиндеги (жаңы көпүрөнүн жанындагы мурдагы ботаникалык бак жайгашкан жер тилкеси) 4,017 га жер тилкесин футбол академиясын куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын муниципалдык башкармалыгына (А.Кадыров) Абдыкадыров жана Сайкөчө көчөлөрүндөгү (жаңы көпүрөнүн жанындагы мурдагы ботаникалык бак жайгашкан жер тилкеси) 4,017 га жер тилкесин Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү тууралуу тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |