Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 167
Депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин аппаратынын
штаттык түзүмүнө кошумча
штаттык бирдиктерди киргизүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттинин 2014-жылдын 13-фералындагы №01-32/44 катынын негизинде депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин түзүмүнө кошумча 1 бөлүм башчы, 1 башкы адис, 1 чарба башчысы жана 0,5 кассир бирдиктерин киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Депутатардын Ош шаардык Кеңештин төрагасы: |
У.Примов |