Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 171
Ош шаарындагы А.Навои
көчөсүндө курулуп жаткан
көпүрө боюнча сунушталган
долбоорлорду кароо жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 17-мартындагы чыгыш № 75/08-6-А.Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн альтернативдүү вариантынын эскиздик долбоорун карап берүү жөнүндөгү катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 14-мартындагы №122-буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык атайын жумушчу топ, «АрхТБ» жоопкерчилиги чектелген коом жана жеке долбоорлоо институтунун жетекчиси Н.Насирдиновдор даярдаган Ош шаарындагы А.Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрө боюнча сунуштаган долбоорлордун варианттарын талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 17-мартындагы отурумунун №7-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.«АрхТБ» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан даярдалган жалпы сметасы болжол менен 450 миллион сомду жана жеке долбоорлоо институтунун жетекчиси Н.Насирдинов тарабынан даярдалган жалпы сметасы болжол менен 400 миллион сомду түзгөн көпүрөнүн эскиздик долбоорлору жактырылсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) А.Навои көчөсүнө көпүрө куруу боюнча «АрхТБ» жоопкерчилиги чектелген коому жана жеке долбоорлоо институтунун жетекчиси Н.Насирдинов тарабынан даярдалган эскиздик долбоорлордун негизинде, бир эскиздик долбоор иштеп чыгуу боюнча иш чараларды жүргүзүү сунушталсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
5.Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |