Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 15-марты № 2
«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 – топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231-мыйзамын аткаруу менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн жергиликтүү киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 1-январынан Көк-Ой айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:
-Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын;
-мүлк салыгынын 1,2,3,4- топтогу обьектилерин;
-Кз зоналык коэффиценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин
2.Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин;
-жер салыктарына мүлк салыктарынын 1,2,3-топтогу обьектилерине Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» талаптарына ылайык Кз зоналык коэффиценти эске менен жүргүзүлсүн
3.Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана катоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн
4.2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин
5.бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алууга айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Көк-Ой айылдык Кеңешинин Депутаттарынын төрагасы: |
М.Кыргызбаев. |