Редакцияот 30.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезексиз VIII сессиясы

2013-жылы 30-декабры № 8-1

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн

башчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2013-жылдын 18-декабрындагы №182 токтому менен дайындалган Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун жыйынтыгынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чоробеков Кубанычбек Чоробекович Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын;

2.Чоробеков Кубанычбек Чоробековичке белгиленген үлгүдөгү ырастаманы тапшыруу жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын;

3.Бул токтом «Ат-Башы жаңылыктары» газетасына жарыялансын;

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы Т. Иманбердиевага тапшырылсын. 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы:

 

К.Абдылдаев