Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылы 6-февралы № 9-2
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги
1-январь 2014-жылга карата калдык акча-каражатын
пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 4 874 918,93 сом калдык жана атайын эсебиндеги 189 912,21 сом акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 5-февраль 2014-жылдагы №1 токтомунун жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 4 874 918 сом 93 тый. калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1)Ат-Башы айылынын квартал башчыларына, аксакалдар сотуна, айылдык Кеңештин төрагасына жана айыл өкмөттүн жумушчуларынын эмгек акы, соц.фонд төлөмүнө 559 500 сом;
2)2014-жылдын 1-жарым жылдыгындагы майрамдарга жана даталуу күндөргө байланышкан майрамдык жана спорттук иш чараларды каржылоого 385 500 сом;
3)Электр энергия үчүн 100 000 сом;
4)Күйүүчү-майлоочу майларга 30 000 сом;
5)Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча шаймандарды алууга 30 000 сом;
6)Ат-Башы айылындагы сугат арыктарына сооруженияларды курууга 270 000 сом;
7)Айыл өкмөткө инвентарь алууга 25 000 сом;
8)«Токтом» программасы боюнча Маалымат Борборуна 11 000 сом;
9)Ат-Башы айылына даталуу күндөрдө илинүүчү баннерлерге 20 000 сом;
10)Ат-Башы айылын көрктөндүрүү, жашылдандырууга 90 000 сом;
11)Кран боюнча кызмат акысына 50 000 сом;
12)Ар кандай чыгымдарга 66 718,93 сом;
13)Трансформатор алып келип орнотууга 340 000 сом;
14)Туалет курууга 142 200 сом
15)Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине 300 000 сом;
16)Аялдар кеңешинини ар кандай иш чараларына 15 000 сом;
17)Соц.фонд (регресс) 50 000 сом;
18)№1 бала бакчага 10 000 сом;
19)Кулумбаевге жардам 5000 сом
20)Ат-Башы айыл өкмөтүнө компьютер алууга 25 000 сом;
21)Ат-Башы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүүгө 25 000 сом;
22)Коммуналдык ишканага 450 000 сом;
23)Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу кызматтык машинанын ремонтуна 50 000 сом;
24)Бала бакчанын имаратына 1 825 000 сом.
2.Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги атайын каражат боюнча 01.01.2014-жылга калган калдыгы 189 912 сом 21 тыйын. төмөндөгүдөй багыттарга бөлүштүрүлсүн:
25)Башкаруу аппаратына 1500 сом ар кандай чыгымдарына;
26)К. Мамбеталиев атындагы орто мектебине 6900 сом ар кандай чыгымдарына;
27)Бала бакчаларга 181 512 сом 21 тый. тамак-аш чыгымдарына;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдон суралсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы: |
К.Абдылдаев |