Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 17-марты № 10-2
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылга карата долбоору боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунуштарын, Ат-Башы айыл аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын жана башка мекеме, уюмдардын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөргө бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
1)Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар – 15 730 300 сом;
2)Категориялык грант – жок;
3)Теңдештирилген грант – 3 014 200 сом.
Баардыгы: 18 744 500 (он сегиз миллион жети жүз кырк төрт миң беш жүз) сом.
Чыгаша бөлүгү:
1)Башкаруу аппараты – 12 872 500 сом;
2)Мектептер – 3 366 000 сом;
3)Бала бакчалар – 2 506 000 сом.
Баардыгы: 18 744 500 (он сегиз миллион жети жүз кырк төрт миң беш жүз) сом.
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бекитилген бюджетин түзүлгөн сметага ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын. өүң
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы: |
К.Абдылдыев |