Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылы 17-марты № 10-3
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын
бюджети жөнүндө
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана аталган ишкананын 2014-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча ишкананын директору Т. Аралбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2013-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 416 119 (төрт жүз он алты миң бир жүз он тогуз) сомду жана чыгаша бөлүгү 372 364 (үч жүз жетимиш эки миң үч жүз алтымыш төрт) сомду түзгөндүгү, анын ичинен калдык 43 755 (кырк үч миң жети жүз элүү беш) сомду түзгөндүгү бекитилсин.
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинен 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасын каржылоого бөлүнүп берилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы: |
К.Абдылдаев |