НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
XII СЕССИЯСЫ
2014-жылы 3-апрель № 2/1
Нарын шаарынын 2014-жылдын 1-январына карата
калган акча каражатын бөлүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2014-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен, «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Нарын шаарынын 2014-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен төмөндөгү мекеме – ишканаларга акча каражаты бөлүнүп берилсин
· Нарын шаардык Сактоо кызматынын күйүүчү майлоочу майына жана ар кандай чыгымдарына -160,0 миң сом,
· Нарын шаардык аскер комиссариатынын ар кандай чыгымдарына -50,0 миң сом,
· Нарын шаардык салык кызматына жергиликтүү салыктарды чогултууга 3 (үч) штаттык бирдик үчүн -350,0 миң сом,
· Нарын шаардык мэриясына электр зымдарын алууга-42,0 миң сом,
· Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектептин спорт залынын терезелерине айнек салууга-36,0 миң сом,
· Нарын шаарындагы №17»Ынтымак» балдар бакчасына пластмасса трубаларды жана суу жылытуучу аристон алууга-30,0 миң сом,
· Нарын шаардык «Таза-Нарын» мекемесинин кредитордук карызын жабууга-464,0 миң сом,
· Нарын шаардык спорт комитетине спорттук форма алуу үчүн-66,0 миң сом.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага: | Э.Турсуналиев |