Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-февралы № X-5
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2014-жылга шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги бюджетин бекитүү жөнүндө.
Ноокат шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу, жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча комиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2014-жылдагы бюджетин бекитүү боюнча депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципалдык менчик департаментинин мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын көлөмү 2014-жылга 1517,0 мин сомго, субсидия статьясына 6 119 700 сом жалпысы болуп 7 636 700 сомго бекитилсин.
2.Ноокат шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципиалдык менчик департаментинин 2014-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 980055 сом жана субцидия статьясынан каралган 6 119 700 сом жана транспортторду каттоо үчүн бир кызматкердин эмгек акына 76 000 сом акча каражатын берүү эсебинде бекитилсин.
3.Муниципиалдык менчик департаментинин жаныдан түзүлгөн штаттык тартиби жана 2014-жылдын жылдыгына карата чыгашалар сметасы бекитилсин.
4.Ноокат шаар мэриясынын башкы эсепчисине ай сайын муниципиалдык менчик департаментинин финансылык иштери боюнча отчет берип туруу муниципиалдык менчик департаментинин эсепчиси Р.Коконбаевке милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |