Редакцияот 26.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылы 26-февралы № X-11

Ноокат шаарынын аймагындагы  жер  аянттарын сатууга  2014-жылдын 31-декабрына  чейин мораторий жарыялоо жөнүндө.

Ноокат шаарынын  аймагын кеңейтүү маселеси  каралып жаткандыгын эске алып,  ошондой эле борбордук көчөлөрдүн   кызыл сызыктары такталып, жолдордун кеңейтилишине  шарт түзүү максатында, муниципалдык менчик департаменти тарабынан  реестрин такталаганга чейин депутаттардын  Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаардык мэриясына тиешелүү болгон обьекттердин мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан  реестрин такталаганга чейин   шаардын аймагындагы  жер  аянттары,  конкрустук,  аукциондук  жана түз сатуу жолу менен сатууда  2014-жылдын  31-декабрь  күнүнө чейин  мораторий жарыялансын.

2.Ушул токтомдун бир нускасы маалымат катары  Ноокат шаардык мэриясына берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Ноокат шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

А.Гафаров