Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-февралы № X-13
Ноокат шаарына караштуу борбордук көчөлөрдүн четиндеги бетон арыктардын, жаткырылган асфальт жана тротуардагы бурсчаткалардын бузулуусуна алып келген бак дарактарды кыюу жөнүндө.
Ноокат шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Ноокат шаарына караштуу борбордук көчөлөрдүн четиндеги бетон арыктардын, жаткырылган асфальт жана тротуардагы бурсчаткалардын бузулуусуна алып келген С.Алимбаев көчөсүндө-14 түп чынар, 3 түп мажүрүм тал дарагы, М.Эргешов көчөсүндө-6 түп чынар дарагы, Ленин көчөсүндө-7 түп чынар, 3 түп мажүрүм тал бак дарактарын кыюу жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын сунушун жана Ноокат шаардык кенешинин туруктуу комиссияларынын отурумунда каралганын жана талкууланганын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаар аймагындагы көчөлөрдөгү дарактарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Ноокат, Араван аймактык башкармалыгынын макулдугу менен кыйуу жагы суралсын.
2.Ушул токтомдун бир нускасы маалымат катары Ноокат шаардык мэриясына берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери жана муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология, суу менен камсыз кылуу, жылуулук берүү жана агрардык маселелер жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Гафаров |