Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 25-марты № XI-1
Ноокат районунун аймагындагы Ноокат шаарынын тургуну Атабаев Икрамжан Таштемировичтин турак жайынын багытын өзгөртүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №55 үйүнүн тургуну Атабаев Акрамжан Таштемировичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 1784 чарчы метр турак жайынан 500 метр чарчы метр бөлүгүнүн багытын өзгөртүп коммерциялык дүкөн деп тиешелүү документтерине өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган сураныч катын карап, суралган жердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын тургуну Атабаев Икрамжан Таштемировичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 1784 чарчы метр турак жайынан 500 метр чарчы метр бөлүгүнүн багытын өзгөртүп коммерциялык дүкөн деп расмий документтерине, иш кагаздарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сураныч каты канаттандырылып, пайдалануу багытынын аталышы өзгөртүлүп берилсин.
2.Пайдалануу багыты өзгөртүлө турган турак жайдын расмий иш кагаздарындагы багытынын аталышына өзгөрүтүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңештин төрагасы: |
А.Гафаров |