Редакцияот 11.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясы 

2013-жылдын 11-ноябры № VIII-1

Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 08-сентябрындагы №214 мыйзамынын 6-беренесине жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Ноокат шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Мамлекеттик тилде:

Эски Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси деп аталышы өзгөртүлсүн.

Расмий тилде:

Учреждение-“Ноокатский городской кенеш”

1.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин Жобосун жаны редакцияда бекитилсин.

2.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин жайгашкан жери: Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, Мирмахмудов көчөсү, №20 үй.

3.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин төрагасы бөлүп Гафаров Абдрахман Мамадумарович дайындалсын.

4.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынан юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

5.Мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын юристи Ырысбаева Чынара Анваровнага жүктөлсүн.

Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапширилген документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

Ноокат шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Гафаров