Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
13-жылдын 11-ноябры №VIII-3
Ажаткана куруу үчүн кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдө жашаган жарандардын кайрылуусунун негизинде, элдик демилге менен заманбап толук шарты бар ажаткананы курууга кошумча курулуш материалдарын алууга жана уста акыларын төлөп берүүгө 213,0 миң сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 5-августунда берген катын көрүп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ажаткана куруу үчүн кошумча 213,0 миң сом акча каражаты 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
2. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган жашоочулардын өкүлү (квартал комитетинин мүчөсү) М.Эргешов көчөсүнүн 24 үй, 4-батиринин тургуну Абдуразакова Акмаралга курулуш материалдарын алууга жана уста акыларын төлөп берүүгө, ажыратылган 213,0 миң сом акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жана уюштуруу жагын көзөмөлдөөсүн, ошондой эле аткарылган жумуштар боюнча маалымат берүүсү милдеттендирилсин.
3. Ажыратылган акча каражатын түзүлгөн келишимдин негизинде которуп берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4.Ажаткана Ноокат шаары муниципалдык менчик департаменти баланысына алынсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|