Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры №VIII-4
Ноокат шаарынын аймагындагы Сельхозтехниканын ичиндеги жолду Ханкелдиев көчөсү менен бириктирүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагындагы Сельхозтехниканын жанындагы конуштун жашоочулары үчүн жакшы ынгайлуу шарт түзүү максатында 1979-жылдагы картадагы жолду кайрадан калыбына келтирүү максатында ошол жердин жашоочуларын Ханкелдиев көчөсү менен бириктирүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 29-октябрында берген №110 катын көрүп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Сельхозтехниканын ичиндеги жолду Ханкелдиев көчөсү менен бириктирүү үчүн 24 метр болгон жерди металло черепица менен тосууга сметада көрсөтүлгөн 51650 сом акча каражатын 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джаликов
|