Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры №VIII-7
Ноокат шаарынын аймагындагы “Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасынын имаратын ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагындагы “Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасынын имаратын ремонттоо үчүн 170,0 миң сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү “Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасынын башчысынын Ноокат шаар кеңешинин төрагасынын атына 2013-жылдын 15-октябрында берген сураныч катын коруп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы “Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасынын имаратын ремонттоо үчүн 170,0 миң сом акча каражатын 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|