Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры №VIII-9
Ноокат шаар мэриясына жаны имарат куруу үчүн отканасына, жылытуу системасына, подвалына жана ажатканасын курууга жана билим беруу тармагыда иштеген эсепчилерине кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясына жаны имарат куруу үчүн тендер өткөрүлүп, тендерде ЗАО “Монтажник” мекемеси женүүчү деп табылган. Имаратты курууда жылытуу үчүн атайын отканасына, жылытуу системасына, подвалына жана ажатканасын куруу жагы сметага кирбеген, ошондуктан Ноокат шаар мэриясына жаны имарат куруу үчүн отканасын, жылытуу системасын, подвалын жана ажатканасын курууга жана билим беруу тармагыда иштеген эсепчилерине кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 5-ноябрында берген №446 катын көрүп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясына жаны имарат куруу үчүн түзүлгөн сметага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2.ЗАО “Монтажник” мекемеси тарабынан кошумча аткарылган иштин көлөмүнө карата түзүлгөн акттын негизинде Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1500,0 миң сом акча каражатын 2013-жылдын ичинде ашыкча аткарылган кирешенин эсебинен ажыратып берилсин.
3. ЗАО “Монтажник” мекемесине кошумча аткарылган жумуштар боюнча маалыматтарды берүү жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул ажыратылган акча каражатын ЗАО “Монтажник” мекемесинин эсеп-счетуна которуп берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
5.Ноокат шаар мэриясынын билим беруу тармагында иштеген эсепчилерге жумуш орду билим берүү тармагына өтүп кеткендигине байланыштуу отпуска жана компенсация төлөп берүү 2013-жыл үчүн киреше бөлүгүнөн ашыкча түшкөн акча каражаттын эсебинен 51.8 миң сом ажыратып берилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|