Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры №VIII-11
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын “Кара-Турпак” балдар бакчасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын “Кара-Турпак” балдар бакчасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 6-ноябрында берген № 448 катын көрүп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын “Кара-Турпак” балдар бакчасына 58920 сом акча каражаты 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин № IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|