Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры №IX-3
Ноокат “Суу канал”-ишканасынын калкты жана башка суу пайдалануучуларды таза суу менен камсыздоодо тарифтерди өзгөртүү жөнүндө.
Ноокат “Суу канал”-ишканасынын калкты жана башка суу пайдалануучуларды таза суу менен камсыздоодо тарифтерди өзгөртүү жөнүндөгү Ноокат “Суу канал”-ишканасынын директору З Камаловтун Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын атына жазган катын жана муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2011-жылдын 25-ноябрынан бери колдонулуп келген тарифтер азыркы күнгө келип инфляцияны эске алганда өзүн-өзү актабайбай калгандыгына байланыштуу жана суу түтүктөр системасы пайдаланууга тапшырылгандан бери 40-жылдан ашып жылдан-жылга авариялар, ремонт иштери көбөйгөнүнөн чыгымдар дагы көбөйуп жаткандыгынан Ноокат “Суу канал”-ишканасынын иши сапатуу аткарылышы үчүн жана суу пайдалануучуларга үзгүлтүксүз суу жеткизип туруу үчүн туура келе турган тарифтерди төмөндөгүчө киргизилсин:
-Калк үчүн 1 метр куб-10 сом 00 тыйын;
-Бюджеттик мекеме-ишканалар үчүн 1 метр куб-10 сом 00 тыйын;
-Коммерциялык жана өндүрүштүк ишканалар үчүн-1 метр куб- 20 сом 00 тыйын.
2. Ноокат “Суу канал”-ишканасынын суу пайдалануучуларга үзгүлтүксүз суу жеткизип туруу үчүн туура келе турган тарифтери жөнүндөгү каты Ноокат шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан колдоого алынсын.
3. Ноокат “Суу канал” ишканасынын ичимдик сууга бекитилген жаны тарифтери 2014-жылдын 1-январь айынан баштап колдонулсун.
4. Токтомдун бир нускасы Ноокат суу каналдар ишканасынын башчысына берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципиалдык менчик , өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|