Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры №IX-5
Ноокат шаарынын аймагындагы М.Абдуллаев атындагы көчөсүнүнө суу түтүктөрүн орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагындагы М.Абдуллаев атындагы көчөсүнүнө суу түтүктөрүн орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 29-августунда берген №332 катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы М.Абдуллаев атындагы көчөсүнүнө суу түтүктөрүн орнотууга жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 119640 сом ажыратып берилсин.
2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|