Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры №IX-6
“Ноокат Коммунальщик” акционердик коому ишканасына кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
“Ноокат Коммунальщик” акционердик коому ишканасынын жетекчысынын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын атына 2013-жылдын 3-декабрындагы №22 катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ноокат Коммунальщик” акционердик коомунун 2012 жана 2013-жылдары ичинде аткарган иштин көлөмү үчүн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде 3% тик сатуудан алынуучу салык үчүн кошумча 300,0 миң сом акча каражатын 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясынын акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Ушул ажыратылган акча каражатын “Ноокат Коммунальщик” акционердик коому ишканасынын эсеп счетуна которуп берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы: |
А.Гафаров
|