Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры №IX-7
Ноокат шаарынын аймагындагы Эски-Мал базар менен Кара-Турпак көчөсүн байланыштырып турган көпүрөнү оңдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагындагы Эски-Мал базар менен Кара-Турпак көчөсүн байланыштырып турган көпүрөнү оңдоого сметада көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 25-ноябрында берген №466 катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы Эски-Мал базар менен Кара-Турпак көчөсүн байланыштырып турган көпүрөнү оңдоого 172350 сом акча каражатын жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатын эсебинен ажыратып берилсин.
2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|