Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры №IX-8
Ноокат шаарынын аймагындагы “Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасынын имаратын жылытуу системасын капиталдык ремонттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагындагы “Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасынын имаратын жылытуу системасын капиталдык ремонттоо үчүн 95328 сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү “Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасынын башчысынын Ноокат шаар кеңешинин төрагасынын атына 2013-жылдын 16-сентябрында берген сураныч катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы “Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасынын имаратын жылытуу системасын капиталдык ремонттоо үчүн 95328 сом акча каражатын жыл ичинде түшкөн акча каражатын эсебинен ажыратып берилсин.
2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|