Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры №IX-9
О.Солтобаев көчөсүндөгү УККнын жанындагы, Ош көчөсүндөгү ӨРТ коопсуздугу кызматынын жанындагы, Ленин көчөсү менен Б.Абдыраимов көчөсүндөгү жана Ноокат борбордук автобекеттин тушундагы мазардын чети менен өтө турган арыктарга азбест трубаларды коюуга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарына караштуу борбордук О.Солтобаев көчөсүндөгү УККнын жанындагы, Ош көчөсүндөгү ӨРТ коопсуздугу кызматынын жанындагы, Ленин көчөсү менен Б.Абдыраимов көчөсүндөгү, Ноокат борбордук автобекеттин тушундагы мазардын чети менен өтө турган арыктардан суу ашып, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө кооптуу абал жаралып жаткандыгына байланыштуу арыктарды тазалап, азбест трубаларды коюу үчүн, Ноокат районунун ИИБнун жол кайгуул кызматы бөлүмчөсүнүн 2013-жылдын 14-ноябрындагы №10-1825, №10-1286 жазма буйруктарын жана алдын ала түзүлгөн сметанын негизинде акча каражатын ажыратып бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси К.Салановдун Ноокат шаар кеңешинин төрагасынын атына 2013-жылдын 16-декабрында жазган катынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.О.Солтобаев көчөсүндөгү УККнын жанындагы, Ош көчөсүндөгү ӨРТ коопсуздугу кызматынын жанындагы жана Ленин көчөсү менен Б.Абдыраимов көчөсүндөгү, Ноокат борбордук автобекеттин тушундагы мазардын чети менен өтө турган арыктарга азбест трубаларды жаткырууга 70000 сом акча каражатын 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясынын акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
2.Ушул ажыратылган акча каражатын түзүлгөн келишимдин негизинде алынган товардын көлөмуна ылайык которуп берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|