Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры №IX-10
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2013-жылдын 30-декабрында 2014-жаны жылды жалпы райондун калкынын катышуусунда салтанаттуу тосууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2013-жылдын 30-декабрында 2014-жаны жылды жалпы райондун калкынын катышуусунда салтанаттуу тосууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ноокат шаар кеңешинин төрагасы атына 2013-жылдын 24-декабрында берген №1-109/78 катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2013-жылдын 30-декабрында 2014-жаны жылды жалпы райондун калкынын катышуусунда салтанаттуу тосууга 100000 сом акча каражатын 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
2.Ушул ажыратылган акча каражатын “Ноокат Коммунальщик” акционердик коому ишканасынын эсеп счетуна которуп берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|