Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры №IX-11
Ноокат шаар мэриясынын 2013-жыл үчүн өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын 2013-жыл үчүн өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ноокат шаар мэриясынын 2013-жыл үчүн өзгөртүүлөрү менен такталган бюджеттин киреше жана чыгашасы 63047,3 миң сом эсебинде бекитилсин.
2.Ноокат шаар мэриясынын 2013-жыл үчүн өзгөртүүлөрү менен такталган бюджеттин киреше бөлүгүнөн ашыкча түшкөн акча каражаттын эсебинен 1500,0 мин сом шаар мэриясынын жаны имараттына кошумча кошулган бөлмө үчүн бекитилсин.
3.Ноокат шаар мэриясынын 2013-жыл үчүн такталган бюджеттин киреше бөлүгүнөн ашыкча түшкөн акча каражаттын эсебинен шаар мэриясынын билим берүү тармагында иштеген эсепчилердин жумуш орду билим берүү тармагына өтүп кеткендигине байланыштуу отпуска жана компенсация төлөп берүү үчүн 51,8 миң сом эсебинде бекитилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|