Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 27-марты №6/1
Күн тартибинде каралуучу маселе-1
Жаңы-Арык айылынын аймагындагы №459 контурунда жайгашкан 0,5 га.жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 11-беренесинин, Кыргыз мамлекеттик жерди долбоорлоо жерге жайгаштыруу институтунун 11.03.2013-жылдагы №01-8/153 аныктамасынын негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 46,47,50-беренелеринин негизинде, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын II кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Арык айылынын картасындагы №459 контурундагы «Дайырбек сарай» участкасындагы 0,50 га. жайыт жер аянты айыл чарба багытынан өнөр жай транспорт, байланыш, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлердин категориясына которулсун жана айыл өкмөтүнүн балансына бөлүнүп берилсин;
2.Тиешелүү документтерге өзгөртүү киргизүү, учетко алуу тийиштүү мекемелерден суралсын;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин төрайымы: |
Б.Жумаева |