Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 127
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 14-августунда № 3/23 буйругу менен Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Орозакунов К.Т., Садыр Аке айылдык кеңешинин депутаттарынын ишеним көрсөтпөө жөнүндө 2015-жылдын 20-июлундагы № 81 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 17-сентябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|