Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 9-январы №4
Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана салыктардын аткарылышы боюнча карап талкуулап чыгып Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинен аткарылбай калган 174миң сом калдык төмөндөгүдөй максатта жумшалсын.
1. 7400сом айылдык Кеңештин төрагасынын бир айлык өлчөмүндө бир жолу берилүүчү айлыгына.
2.10000сом Кара-Коюн айыл аймагындагы жолбун иттерди атууга.
3.Калган 156600сом Кара-Коюн айыл аймагынын Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигин капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн.
3.Кара-Коюн айыл аймагынын салыктарынын чогулушу 2013-жылга карата аткарылган планы канааттандыраарлык деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага: | М.Карагулов |