Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-апрели №174
Ош шаардык кеңешинин
аппарат жетекчисин
дайындоого макулдук
берүү жөнүндө
2014-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Кадр Кызматынын Тестирлөө борбору өткөргөн тестирлөөнүн жыйынтыгын, Ош шаардык Кеңешинин конкурстук комиссиясынын 2014-жылдын 18-апрелиндеги чечимин карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 6.6-пунктунун негизинде, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Маматалиева Саадат Капаровнаны Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчилигине дайындоого макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
4. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ош шаардык кенешинин төрагасы: |
У.Примов |