Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы №3/2
Савай айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-январындагы “Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Азизбек Айткурбановго ишенбестик көрсөтүү жөнүндө” №1/1 токтому жөнүндө .
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 28,30- беренелеринин негизинде Савай айылдык Кеңешинин бешинчи шайланышынын кезексиз 3-сессиясынын отуруму Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Азизбек Айткурбановго ишенбестик көрсөтүү жөнүндөгү 2014-жылдын 18-январындагы №1/1 токтомун талкуулап Савай айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 4 пунктунун негизинде Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айткурбановго ишенбестик көрсөтүү жөнүндөгү 2014-жылдын 18-январындагы токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айткурбановго кетирилген кемчиликтерин оңдоо менен өз кызматында иштей берүүсүнө макулдук берилсин.
Савай айылдык Кенешинин төрагасы: |
Б.Мамашов |