Редакцияот 18.10.13
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2013-жылы 18-октябры №12

“Төш-Булак  айыл  аймагында

Жер  салыгын  жана  мүлккө

Салык  киргизүү  жөнүндө”

2008-жылдын 17-октябрь №231 Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн жетекчиликке алуу менен Төш-Булак айыл кенеши.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   2014-жылдын 1-январынан баштап Төш-Булак айыл аймагында жер салыгына жана мүлккө салык киргизилсин.

2.  Алынычуу салыктарды тейлөө жана ушул токтомдун биринчи пунктунда көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн.

3.  Бул токтомду каттодон өткөрүү жана Укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрилигине жөнөтүлсүн.

4.   Токтом жарыяланганда күчүнө кирет.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төш-Булак айыл өкмөтүнүн салык инспектору Дандекова А.А. тапшырылсын.

 

Төш-Булак айылдык

Кенешинин төрагасы:

 

Алымбеков И.С.