Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-апрели №4/6
Өзгөн шаардык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышы жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Өзгөн шаарынын аймагында мамлекеттик тилде билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгын эске алуу менен Өзгөн шаардык Кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруучулук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров
|