Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-сентябры № 133
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 28-августундагы № 402 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри К.У.Сатыбалдиев., Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 2-сентябрындагы № 143 буйругу менен Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Б.Нурматов жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 3/25 буйругу менен Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Исмаилов өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 жана № 424 токтомдору менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө", "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин, Токтогул районунун Ничке-Сай, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 25-сентябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Майлуу-Суу, Токтогул, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|