Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 7-сентябры № 08/02
Карабак айыл окмотундо мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарынын көп функциялуу борбору жөнүндөгү ЖОБОну бекитуу жонундо
Калкка коом үчүн маанилүү болгон тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча Көп функциялуу борборрдун (мындан ары – ККБ) жана айыл өкмөтүнө караштуу уюмдардын түзүлүшү жана ишмердүүлүгүн уюштуруу учун, ККБ юридикалык жактарга жана жеке адамдарга “Бир терезе” принциби боюнча керектүү жабдуусу, эмереги бар бир эле жайда аймактык аткаруучу бийликтин органдары, уюмдары жана мекемелери менен өз ара аракеттешип, мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарын көрсөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, 2012-жылдын 23-мартында бекитилген “Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформанын концепциясына” ылайык жана калкка тейлөө кызматтарын көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана калк үчүн ыйгайлуулукту жогорулатуу максатында
Айыл өкмөтүнө караштуу жана “Бир терезе” принциби менен иштөөчү калкка тейлөө кызматын көрсөтүүнүн көп функциялуу борбору (мындан ары – Борбор) түзүлсүн.
“Калкка тейлөө кызматын көрсөтүүнүн көп функциялуу борбору жөнүндөгү жобо” бекитилсин.
Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге:
- Борбордун иштеши үчүн жарактуу, өзүнчө, ылайыктуу жай бөлүнүп берилсин;
- калкты кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн тиешелүү иш чаралар өткөрүлсүн.
- Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен бир адамды ыйгарым укуктуу кызматкер катары бекитилсин;
- Борбордун толук иштешине жоопкерчилик ага жүктөлсүн;
- аны менен материалдык жоопкерчилик келишими түзүп, ага кол коюлсун.
Кара-Бак айылдык Кенешинин торагасы: |
А.Каламбеков |