Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-августу №11
Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджеттинин чыгымдалышын көзөмөдөө жөнүндө
Кадамжай шаардык Кеңеши жергиликтүү бюджеттинин чыгымдалышын көзөмөлдөө максатында 2013-жылдын биринчи жарымындагы бюджеттик каражаттарынын чыгымдалышын карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын жумуш аткаруу жана кызмат корсотуу менен байланышкан муниципиалдык тапшырык боюнча келишимдерди түзүүсү Кадамжай шаардык Кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлсүн.
2. Муниципиалдык мүлктү өткөрүп берүү Кадамжай шаардык Кеңеши тарабынан жактырылган шартта гана ишке ашырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын шаардын мэри А.Пазыловко жана М.Жумаматовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин бюджет, каржы жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Т.М.Камбаров
|