Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры №12/3
Кадамжай шаарынын борбордук бөлүгүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жөнүндө.
Кадамжай шаардык Кеңеши, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусун карап, талкуулап шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын айланасындагы жашы жетилип чирий баштаган чынар теректердин эпизотиялык жана физикалык абалын эске алуу менен «жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» КР Мыйзамынын 18-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын айланасындагы 10 түп чынар теректерин кыюуга уруксат берууну Баткен областык курчап турган чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн суралсын.
2. Кыйыла турган чынар теректердин ордуна жаш ийне жалбырактуу дарактарды тигүү «Кадамжай- Тазалык» муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.
3. Жаш дарактарды отургузууга жана шаардык борбордук бөлүгүн көрктөндүрүү үчүн чыгымдарга акча каражатын бөлүү жагы мэриянын ЭКБнүн башчысы М.Жумаматовко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Т.М.Камбаров
|